КМУда «Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсү үчүн санариптик жана жашыл университеттер – GreenKG» долбоорунун алкагында жыйын өттү
3-июль күнү И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде «Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсү үчүн санариптик жана жашыл университеттер – GreenKG» долбоорунун алкагында жыйын өттү.
Иш-чаранын негизги максаты — «Жашыл жана санарип университеттер» моделинин негизинде түзүлгөн Улуттук тармактын алкагында өнөктөш университеттердин ректорлору менен мурда кол коюлган келишимдер боюнча өз ара алмашуу аземин өткөрүү, тармактын иш-пландарын талкуулоо жана Тармактык кеңештин төрагасын/төрайымын үч жылдык мөөнөткө шайлоо.
Жыйынга К. Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясынын ректору А.М. Кылычев, И. Арабаев атындагы КМУнун ректору А.Т.Абдраева, ОшМУнун ректору К.Г.Кожобеков, И. Раззаков атындагы КТУнун ректору М.К.Чыныбаев, И. Ахунбаев атындагы КММАнын ректору И.О.Кудайбергенова, К. Карасаев атындагы БМУнун ректору М.М.Дылдаев, К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун ректору А.И.Иманбаев, БатМУнун ректору А. Т. Гыязов, Эл аралык жогорку медициналык мектептин ректору С.М. Ахунбаев жана С. Нааматов атындагы НМУнун ректору Т. Исабеков катышты.
#Erasmus_plus #green_university_kg