Blog Image

КМУда “Кытай элинин каада-салттары” (中国传统与习俗) аталышында иш-чара өттү

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Ш.Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунда “Кытай элинин каада-салттары” (中国传统与习) аталышында иш-чара өттү.

Иш-чара чет тилдер декадасынын алкагында уюштурулуп, ага Ш.Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун профессордук-окутуучулар курамы жана студенттери катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар кытай тилинде диалогдорду жүргүзүп, кытай элинин каада-салттары тууралуу маалымат алышты.

Иш-чаранын максаты – студенттердин кытай тилине болгон кызыгуусун арттыруу, тил үйрөнүү процесстерин тереңдетүү, ошондой эле, кытай элинин каада-салттары тууралуу маалымат берүү.

Иш-чара Ш. Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун Кыргыз-Кытай факультети тарабынан уюштурулду.