КМУда кытай тили декадасы ийгиликтүү жыйынтыкталды
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Ш.Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунда кытай тили декадасы ийгиликтүү жыйынтыкталды.
Иш-чарага КМУнун Ш.Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун профессордук-окутуучулар курамы жана студенттери катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз-Кытай факультетинин окутуучусу Асылкан Жаныбекова "Менин кыялым - кытай тилин окуу менен дүйнө кыдыруу" аталышында лекция окуду.
Лекциянын алкагында кытай операсы, кытай искусствосу тууралуу маалымат берилип, кытай тилин үйрөнүү аркылуу кандай ийгиликтерге жетүүгө боло тургандыгы тууралуу айтылды.
Декада кытай тилине кызыккан студенттердин кызыгуусун арттырып, дүйнөгө болгон көз карашын кеңейтүүгө багытталган.
Иш-чара Кыргыз-Кытай факультети тарабынан уюштурулду.