Blog Image

КМУда "Кытай тили" жумалыгынын ачылышы өттү

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Ш.Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунда "Кытай тили" жумалыгынын ачылышы өттү. Иш-чара чет тилдер декадасынын алкагында уюштурулуп, ага Ш.Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун профессордук-окутуучулар курамы жана студенттери катышты.

Иш-чаранын алкагында Кыргыз-Кытай факультетинин окутуучусу А. Жаныбекова "Кытай тилин үйрөнүү оорбу?" ("学汉语难不难?") аталышында лекция өттү.

Лекциянын жүрүшүндө кытай тилин тереңден үйрөнүү үчүн эмне кылуу керектиги тууралуу маалыматтар берилди.

Бул иш-чара студенттердин кытай тилине болгон кызыгуусун арттырып, тил үйрөнүүнүн мүмкүнчүлүктөрүн билүүгө өбөлгө түздү.