КМУда "Кытай жана Кыргызстандын билим берүү системалары: айырмачылыктар жана кытай тилин үйрөнүүнүн перспективдүүлүгү" аталышында семинар өттү
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Кыргыз-Кытай факультетинин окутуучусу Асылкан Жаныбекова "Кытай жана Кыргызстандын билим берүү системалары: айырмачылыктар жана кытай тилин үйрөнүүнүн перспективдүүлүгү" аталышында семинар өттү.
Иш-чарага Ш. Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун Кыргыз-Кытай факультетинин профессордук-окутуучулар курамы жана студенттер катышты.
Иш-чаранын негизги максаты: Кыргызстан менен Кытайдын билим берүү системаларындагы айырмачылыктарды, окуу методдорун жана шарттарын талкуулоо. Ошондой эле, кытай тилин үйрөнүүнүн келечектеги перспективасын жана эки өлкө ортосундагы экономикалык жана саясий туруктуулукту түшүндүрүү.
Семинардын жүрүшүндө мотивациялык саат өткөрүлүп, кытай тилин үйрөнүүнүн пайдасы жана дүйнө жүзүндөгү орду тууралуу маалымат берилди.
Бул семинар студенттердин билим алууга болгон кызыгуусун арттырып, Кыргызстандын жана Кытайдын билим берүү чөйрөсүндөгү байланыштарын кеңейтүүгө өбөлгө түздү.