КМУда «Кытайдан келген бүтүрүүчүлөрдүн Кыргызстанда жана Кыргызстандан барган бүтүрүүчүлөрдүн Кытайда ишке орношуу көйгөйлөрү жана келечеги» аталышында конок-лекция өттү
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Кытай Улуттук университетинин философия илимдеринин доктору, Түндүк Кытай Суу ресурстары жана электр энергетика университетинин профессору Ван Жуйпин «Кытайдан келген бүтүрүүчүлөрдүн Кыргызстанда жана Кыргызстандан барган бүтүрүүчүлөрдүн Кытайда ишке орношуу көйгөйлөрү жана келечеги» аталышында конок-лекция өттү.
Иш-чара КМУнун 80 жылдыгына карата уюштурулуп, И.Арабаев атындагы КМУнун, Ж.Баласагын атындагы КУУнун жана К.Карасаев атындагы БМУнун студенттери катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө Кытайдан келген бүтүрүүчүлөрдүн билим деңгээли, тилдик жана маданий өзгөчөлүктөрү, ошондой эле, жумушка орношуудагы негизги тоскоолдуктар жана мүмкүнчүлүктөр тууралуу маалымат берди.
Иш-чараны КМУнун Эл аралык билим берүү программалары институту тарабынан уюштурулду.