Blog Image

КМУда “Кыз-жигит сармерден” оюну өттү

И. Арабаев атындагы КМУнун Жаңы маалыматтык технологиялар институтунда “Кыз-жигит сармерден” оюну өттү. Иш-чарага КМУнун окуу иштери боюнча проректору Талантбек Курманбек уулу,  Мамлекеттик тил, жаштар саясаты жана спорт боюнча проректор Жайна Садыкбек кызы жана Бириккен профсоюз уюмунун төрагасы Назар Догдурбек катышты. Иш-чара Манас айтуу менен башталды.  Андан кийин кыз узатуу салты чагылдырылып, тойдун башы деп сармерден айтышы башталды. ЖМТИнин окутуучулары обондуу ырларды ырдап, бий бийлеп, макал айтып, табышмак катып жана жаңылмач айтышты. Сармерден байыркы көчмөн кыргыздардын арасына кеңири тараган салттык ырдоо. Сарменден нечендеген кылымдарды басып, нечендеген доорлорду аралап, ата-бабаларыбыздан бүгүнкү күнгө чейин жашоосун улантып келет. Сармерден оюну кыргыздын каада салттын даңазалаган, биримдиктин, ынтымактын, достуктун символу.  Жаңы маалыматтык технологиялар институту “Кыз-жигит сармерден” оюнун Мамлекеттик тил жана маданият институна өткөрүп берди.