Blog Image

КМУда “Кыз-жигит сармерден” оюну өттү

24-апрель күнү И.Арабаев атындагы КМУнун Э.Ж.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык укуктук билим берүү институту менен Ж.Баласагын атындагы КУУнун Тарых жана чөлкөм таануу институтунун студенттернин ортосунда “Кыз жигит сармерден” оюну өттү. Иш-чара КР Президентинин “Улуттук нарк” жөнүндө жарлыгынын алкагында уюштурулуп, жаштар арасында улуттук наркты, баалуулуктарды жайылтуу жана маданиятты сактоо максатында уюштурулган. “Кыз жигит сармерден” оюнунун жүрүшүндө манасчылык, дастанчылык, акындык өнөрлөр көрсөтүлүп, табышмак катылып, макал жана жаңылмач айтылды.

Иш-чара эки бөлүктөн туруп, И.Арабаев атындагы КМУнун  Бириккен профсоюз уюмунун төрагасы Назар Докдурбек төрагалык кылган калыстар тобу катышуучуларынын даярдыктары мыкты болгондугун белгилеп, эки командага тең бирдей упай беришти.

Жыйынтыгында ыраазычылык каттар жана белектер тапшырылды.