Blog Image

КМУда «Кыз-жигит сармерден» оюну өттү

Бүгүн, 26-март күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Жаңы маалыматтык технологиялар институтунун жана Физика-математика факультетинин студенттери арасында «Кыз-жигит сармерден» оюну өттү.

Иш-чара КМУнун 80 жылдыгына карата уюштурулуп, студенттердин ынтымагы, билимге болгон кызыгуусу жана улуттук каада-салттарын жандандыруу боюнча сынактар жана оюндар өткөрүлдү.

Иш-чаранын максаты: улуттук каада-салттарды, маданиятты өркүндөтүү жана улуттук баалуулуктарды өнүктүрүү.

Бул иш-чара университеттин студенттери арасында ынтымакты бекемдеп, улуттук маданият менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк түздү.