Blog Image

КМУда Кызылорда педагогикалык университетинин окутуучулары "Казактын улуттук кийими" темасы боюнча лекция окушту

15-апрель күнү И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекетик университетинин Искусство жана дизайн факультетинин Костюмдун технологиясы жана көркөм чеберчилиги, текстиль кафедрасына академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында келген Коркыт Ата атындагы Кызылорда педагогикалык университетинин Педагогика жана салттуу искусство институтунун «Дизайн жана технология» билим берүү программасы боюнча ага окутуучу, педагогика илимдеринин кандидаты Ш.З.Кошкарова жана ага окутуучу, педагогика илимдеринин магистри А.Т.Жунисова кафедранын окутуучулары жана студенттери менен таанышып, “Кийим дизайны” багыты боюнча "Казактын улуттук кийими" темасы боюнча лекция окушту.