КМУда “Лидерликтин архитектурасы: башкарууга жол көрсөтүү” аталышындагы тренинг өттү
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Билим берүү программаларын лицензиялоо, аккредитациялоо жана сапатына мониторинг жүргүзүү департаментинин начальниги Дуйшебаева Г.Р жана М.Р.Рахимова атындагы Кошумча кесиптик билим берүү институтунун Инновациялык технологиялар жана квалификацияны жогорулатуу борборунун башчысы Оморов С.К. “Лидерликтин архитектурасы: башкарууга жол көрсөтүү” аталышындагы тренинг өттү.
Тренингдин жүрүшүндө лидерликтин заманбап түшүнүктөрү, жогорку окуу жайларындагы башкаруунун натыйжалуу моделдери, команда менен иштөө, чечим кабыл алуудагы стратегиялык ыкмалар жана мотивация берүү механизмдери боюнча кеңири маалымат берилди.