Blog Image

КМУда М.Акмулла атындагы БашМПУнун профессору Р. Асадуллиндин конок-лекциясы өттү

5-ноябрда И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде педагогика илимдеринин доктору, М.Акмулла атындагы Башкыр мамлекеттик педагогикалык университетинин профессору Раиль Мирваевич Асадуллиндин "Педагогикалык билим берүүдөгү системалуу-функционалдык мамиле" аталышында конок-лекция өттү. Конок-лекцияга КМУнун орус филологиясы факультетинин, педагогика жана психология институтунун жана мамлекеттик тил жана маданият институтунун студенттери жана окутуучулары катышты.

Өз сөзүндө профессор Р.М. Асадуллин келечектеги мугалимдердин кесиптик компетенцияларын калыптандырууда анын маанисин ачып, системалуу-функционалдык мамиленин концепциясына кеңири токтолду. Ал белгилегендей, бул ыкма билим берүүгө гана эмес, окуучунун активдүү, өз алдынча жана жоопкерчиликтүү инсандыгын өнүктүрүүгө да багытталган.

Асадуллин Раиль Мирваевич - педагогикалык билим берүү жаатында таанылган адис, 2005-2018-жылдары М. Акмулла атындагы Башкыр мамлекеттик педагогикалык университетинин ректору болуп иштеген, "Башкортостан педагогикалык журналы" илимий басылмасынын башкы редактору, 80ден ашык илимий эмгектин автору.

Лекция студенттердин жана окутуучулардын чоң кызыгуусун жаратты. Катышуучулар профессор Р.Асадуллинге мазмундуу жана шыктандыруучу сөзү үчүн, ошондой эле заманбап педагогикалык билим берүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулоо мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдиришти.

Иш-чара КМУнун орус филологиясы факультети тарабынан уюштурулду.

Позвонить