КМУда “Маданият аралык байланыш жана анын дүйнөлүк процесстерге тийгизген таасири” аталышында I эл аралык студенттик ИПК өтүүдө
26-март күнү И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин 80 жылдыгына карата “Маданият аралык байланыш жана анын дүйнөлүк процесстерге тийгизген таасири” аталышында I эл аралык студенттик илимий-практикалык конференция өтүүдө.
Конференциянын ачылышында И.Арабаев атындагы КМУнун Окуу иштери боюнча проректору Зайниев Р.А. сөз сүйлөдү.
Конференция гибриддик форматта өтүп, анда офлайн жана онлайн Кытай, Индия, Пакистан, Венесуэла ж.б. мамлекеттеринен студенттер, магистранттар катышууда.
Конференциянын пленардык бөлүгүндө И.Арабаев атындагы КМУнун ЭББПИнин магистранты Яньцзе (Кытай), К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин студенти Бегимай Нуркалиева, Ош мамлекеттик университетинин студенти Фатих Малик (Пакистан), Б.Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын студенти Чжан Пэйюй, Хажар (Венесуэла) докладдарын окушту.
И.Арабаев атындагы КМУнун 80 жылдыгына карата “Маданият аралык байланыш жана анын дүйнөлүк процесстерге тийгизген таасири” аталышында I эл аралык студенттик илимий-практикалык конференция Эл аралык билим берүү программалар инститтуту тарабынан уюштурулган.