Blog Image

КМУда "Magic on stage" аталышында сынак өтүүдө

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде КМУнун 80 жылдыгына карата "Magic on stage" аталышында сынак өтүүдө.

Иш-чарага КМУнун Окуу иштери боюнча проректору Раушанбек Зайниев, Ш. Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун директору Нуржан Сартбекова, профессордук-окутуучулар курамы жана студенттери катышууда.

Катышуучулар жомокторду сахналаштыруу аркылуу тилге болгон кызыгуусун арттырып, өздөрүнүн сүйлөө, угуу жана актердук чеберчиликтерин көрсөтүштү.

Иш-чара студенттердин чет тилин үйрөнүүгө шарт түзүп, тилди жандуу жана кызыктуу формада өздөштүрүүгө чоң мүмкүнчүлүк берет.

Сынактын финалдык бөлүгү 19-апрель күнү өтөт.

Иш-чара КМУнун Ш. Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институту тарабынан уюштурулду.