Blog Image

КМУда Маматкан Чоровдун 70 жылдыгына арналган «Биоартүрдүүлүк: изилдөөнүн натыйжалары, көйгөйлөрү жана перспективалары” аталышында конференция өтүүдө

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде профессор Маматкан Чоровдун 70 жылдыгына арналган «Биоартүрдүүлүк: изилдөөнүн натыйжалары, көйгөйлөрү жана перспективалары” аталышында III эл аралык илимий-практикалык конференция өтүүдө. Иш-чарага КМУнун ректору Айгүл Абдраева, Илим, эл аралык коммуникациялар жана инновациялар боюнча проректору Айгүл Чалданбаева, КРнын Билим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиев, КРнын УИАнын академиги Алтай Борубаев, профессор Эсенбек Мамбетакунов, коомдук ишмер Роза Айтматова, КР нын Эл артисти Келдибек Ниязов жана башка белгилүү инсандар катышууда. Иш-чаранын жүрүшүндө Маматкан Чоровдун илимий эмгектеринин көргөзмөсү жана илимий ишмердүүлүгү жөнүндөгү видеотасма көрсөтүлдү. Ошондой эле, профессор Эсенбек Мамбетакунов“Адамдын жан дүйнөсү жана табияттын туруктуу тең салмакта болуусунун этнопсиходидактикасы” профессор Кайыркул Шалпыков “Кыргызстандын дары ɵсүмдүктɵрү-фармацевтиканын ɵнүгүүсүнүн башаты” аталышында доклад жасады.