Blog Image

КМУда “Мамлекеттүүлүк башатында” китебинин бет ачары өттү

Бүгүн, 15-ноябрь күнү, Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде коомдук ишмер Аскар Салымбеков жана тарыхчы-окумуштуу Жумагул Байдилдеевдин “Мамлекеттүүлүк башатында” китебинин бет ачары өттү. Иш-чарага ректору Айгүл Абдраева, мамлекеттик тил, жаштар саясаты жана спорт боюнча проректору Жайна Садыкбек кызы, Э.Ж.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунун директору Чолпон Койчуманова, профессордук-окутуучулар курамы жана студенттер катышты.

Иш-чаранын жүрушүндө китептин мазмуну жана жаралуу тарыхы тууралуу кеңири маалыматтар берилди. Бул иш-чара студенттерди жана китеп сүйүүчүлөрдү жаңы чыгарма менен тааныштырууга, кыргыз адабиятын колдоого жана өнүктүрүүгө багытталган.