Blog Image

КМУда "Мамлекеттүүлүктү түптөгөн аталар" аталышында иш-чара өтүүдө

Бүгүн, 25-сентябрь күнү Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде “Азыркы Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар жөнүндө” Президенттин Жарлыгынын жана И. Арабаев атындагы КМУнун 80 жылдык мааракесинин алкагында “Мамлекеттүүлүктү түптөгөн аталар” аталышында иш-чара өттү.

Иш-чарада тарых илимдеринин доктору, профессор Зайнидин Курманов катышуучуларга мамлекеттик тилибиздин тарыхы жана анын мааниси тууралуу кыскача маалымат берди. Иш-чаранын жүрүшүндө “Абдыкерим Сыдыков” аталышында даректүү тасма көрсөтүлүп, Т. Океев атындагы “Кыргызфильм” Улуттук киностудиясынын директору Акжолтой Бекболотов тасманын мааниси тууралуу айтып берди. Ошондой эле, белгилүү кинорежиссёр жана сценарист Тилек Мураталиев ата-бабаларыбыздын басып өткөн жолу тууралуу ар бир жаран билүүгө тийиш экендигин белгиледи.

Иш-чара Э. Ж. Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институту тарабынан уюштурулду.