Blog Image

КМУда “Мамлекеттүүлүктү түптөгөн аталар” аталышында иш-чара өттү

Бүгүн, 18-сентябрда Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Кыргыз Республикасынын Президентинин “Азыркы Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар жөнүндө” Жарлыгынын жана Ишеналы Арабаев атындагы КМУнун 80 жылдык мааракесинин алкагында “Мамлекеттүүлүктү түптөгөн аталар” аталышында иш-чара өттү.

Иш-чарада Б. Жамгырчинов атындагы Тарых, археология жана этнология институтунун директору, академик Абылабек Асанканов “Мамлекеттүүлүктү түптөгөн аталар” темасындагы баяндамасында Ишеналы Арабаевдин өмүрү, анын мамлекеттүүлүк үчүн күрөшү жана репрессия жылдарындагы тагдыры тууралуу маалымат берди. Ошондой эле, университеттин тарыхына да кеңири токтолду.

Иш-чара Э. Ж. Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институту тарабынан уюштурулду.