Blog Image

КМУда “Мамлекеттүүлүктү түптөгөн аталар” аталышындагы иш-чара өттү

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Кыргыз Республикасынын Президентинин “Азыркы Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар жөнүндө” Жарлыгынын алкагында жана университеттин 80 жылдык мааракесине арналган “Мамлекеттүүлүктү түптөгөн аталар” аталышындагы иш-чара өттү.

Иш-чаранын жүрүшүндө репрессиянын курмандыктары тууралуу документалдуу фильм көрсөтүлүп, Жусуп Абдрахмановдун чөбөрөсү Астемир Абдрахманов чоң атасы тууралуу эскерүүлөр менен бөлүштү. Профессор, тарых илимдеринин доктору Каана Айдаркул жана окутуучу Сталбек Бекболотов Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшү жана Жусуп Абдрахмановдун тарыхый ролу боюнча баяндама жасашты.

Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер Жусуп Абдрахмановдун күндөлүгүнөн үзүндүлөрдү көркөм окушуп, талкуу жана суроо-жооп секциясы уюштурулду.

“Мамлекеттүүлүктү түптөгөн аталар” аталышындагы иш-чара Э.Ж. Маанаев атындагы Тарых жана социалдык укуктук билим берүү институту тарабынан уюштурулду.