Blog Image

КМУда "Мамлекеттик аттестациянын иш кагаздарын даярдоо" аталышында тренинг өттү

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде "Мамлекеттик аттестациянын иш кагаздарын даярдоо" аталышында тренинг өттү. Иш-чарага КМУнун Окуу иштери боюнча проректору Раушанбек Зайниев, Мамлекеттик тил, жаштар саясаты жана спорт боюнча проректору Жайна Садыкбек кызы, курамдын административдик кызматкерлери, дипломдорго жооптуулар, техникалык секретарлар катышты.

Тренингдин жүрүшүндө мамлекеттик аттестациянын иш кагаздарын толтуруу жана даярдоо боюнча талаптар аткаруу, дипломдук иштерди жана мамлекеттик экзамендерди өткөрүү процессинде иш кагаздарын так жана туура жүргүзүү жана студенттердин аттестациясы үчүн керектүү документтердин толтурулушун текшерүү тууралуу маалымат берилди.

Иш-чаранын максаты: мамлекеттик аттестация процесси боюнча бардык иш кагаздарын туура жана ыкчам даярдоону үйрөтүү, ошондой эле, дипломдорго жооптуу кызматкерлердин жана административдик кызматкерлердин профессионалдык деңгээлин жогорулатуу.

Бул мамлекеттик аттестация процессин уюштуруу жана иш кагаздарын даярдоо боюнча кызматкерлерге жаңы билимдерди берип, аттестациялоо иш-чараларын натыйжалуу өткөрүүгө өбөлгө түзөт.