КМУда мамлекеттик билим берүү стандарттарынын долбоорлорун иштеп чыгуу үчүн түзүлгөн расмий жумушчу тобунун 1-отуруму өттү
Бүгүн, 4-ноябрь күнү, И.Арабаев атындагы КМУда Жогорку кесиптик билим берүүнүн окуу-методикалык бирикмелерине педагогика тармагында бакалаврларды, магистрлерди даярдоо багыттары боюнча жана адистиктер боюнча мамлекеттик жана расмий тилдерде мамлекеттик билим берүү стандарттарынын долбоорлорун иштеп чыгуу үчүн түзүлгөн расмий жумушчу тобунун биринчи отуруму өттү.
КР Министрлер кабинетинин 2024-жылдын 8-июлунда № 371 токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын баштапкы, орто жана жогорку кесиптик билим берүү боюнча Мамлекеттик билим берүү стандарты жаӊы макети бекитилген.
Ага ылайык, КРнын Билим берүү жөнүндө мыйзамына Мамлекеттик билим берүү стандартынын ишке ашыруунун нормативдик-укуктук иш кагаздарын шайкеш келтирүү зарыл.
И.Арабаев атындагы КМУда мамлекеттик билим берүү стандарттарынын долбоорлорун иштеп чыгуу үчүн түзүлгөн расмий жумушчу тобу өз ишин 20-ноябрга чейин алып барат.