КМУда "Мамлекеттик тилде билим берүүнүн заманбап технологиялары" конференциясы өттү
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде "Мамлекеттик тилде билим берүүнүн заманбап технологиялары" аталышындагы республикалык ИПК өттү.
Конференциянын ачылышында И.Арабаев атындагы КМУнун ректору Айгүл Абдраева, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын өкүлү, Кыргыз Республикасынын улуттук илимдер академиясынын академиги Сыртбай Мусаев, КМУнун Мамлекеттик тил, жаштар саясаты жана спорт боюнча проректору Жайна Садыкбек кызы сүйлөп, мамлекеттик тилди өнүктүрүүдөгү жогорку окуу жайларынын ролуна жана мамлекеттик тилде сапаттуу билим берүүнүн маанисине токтолушту.
Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз -Түрк Манас университетинин профессору Бурул Сагынбаева "Кыргыз тилин колдонуу чөйрөсү жана андагы олуттуу маселелер", И.Арабаев атындагы КМУнун профессору, Толгонай Сыдыкова "Мамлекеттик тилде билим берүүдө термин маселеси", Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин доценти Айнура Бешкемпирова "Мамлекеттик тилде иш кагаздарын сабаттуу жүргүзүү" темаларында доклад жасашты.
Докладдарда мамлекеттик тилди окутуудагы актуалдуу маселелер каралып, аларды чечүү жолдору сунушталды.
Конференциянын секциялык бөлүгүндө мамлекеттик тилди окутуунун методикасы, окуу китептери менен окуу-методикалык комплекс, мамлекеттик тилди окутууда инновациялык технологиялар, мамлекеттик тилди окутууда электрондук ресурстарды пайдалануу боюнча 100дөн ашуун доклад жасалды.
Иш-чаранын жыйынтыгында мамлекеттик тилде билим берүүнүн сапатын жакшыртууга багытталган бир катар сунуштар жана чечимдер кабыл алынып, сертификаттар тапшырылды.
Иш-чара Мамлекеттик тил жана маданият институту тарабынан уюштурулду.