КМУда мамлекеттик тилде иш кагаздарын жүргүзүү боюнча семинар өттү
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде филология илимдеринин кандидаты Акылбек Шаршенбаев мамлекеттик тилде иш кагаздарын жүргүзүү боюнча семинар өттү.
Иш-чарага КМУнун Ш. Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун Кыргыз-Кытай факультетинин профессордук-окутуучулар курамы жана студенттери катышты.
Семинардын жүрүшүндө мамлекеттик тил мыйзамынын аткарылышы, иш кагаздарын туура жазуу боюнча практикалык жана теориялык маалыматтар берилди. Ошондой эле, көптөгөн иш кагаздарынын үлгүлөрү менен иштөө көрсөтүлүп, мамлекеттик тилде иш жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн түшүнүү жана тиешелүү түзүлүштөрдү сактоо боюнча кеңештер айтылды.
Бул иш-чара катышуучуларга мамлекеттик тилдин күнүмдүк иштерде колдонулушун тереңирээк түшүнүүгө жана иш кагаздарын сапаттуу жазууга өбөлгө түздү.