КМУда "Мамлекеттик тилде иш кагаздарын жүргүзүү жана термин маселеси" аталышында семинар өтүүдө
Бүгүн, 13-январь күнү, И.Арабаев атындагы КМУда Мамлекеттик тил бөлүмү тарабынан "Мамлекеттик тилде иш кагаздарын жүргүзүү жана термин маселеси" аталышында семинар өтүүдө.
Иш-чарада тренерликти аркалаган ф.и.д., профессор Толгонай Сыдыкова жана ага окутуучу Роза Мамбетова.
Иш-чарага И.Арабаев атындагы КМУнун Окуу иштери боюнча проректору Зайниев Р.А.,
Окуу башкармалыгынын башчысы Билбаева Г.Ж., Окуу-инспекциялык бөлүмүнүн башчысы Искендерова Ш.А., ББПЛАжСМДнин начальниги Дуйшебаева Г.Р., башкы адис Кыдыкбаева К.С., жетектөөчү адис Э.Амантур уулу, Мамлекеттик тил бөлүмүнүн адиси Шаршенбаев А.К., окуу жайдын курам жетекчилеринин орун басарлары, окуу бөлүмдөрүнүн кызматкерлери жана кафедра башчылары катышууда.