Blog Image

КМУда мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча иш-чаралар башталды

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректорунун буйругунун (№01-8/573) аткарылышын көзөмөлдөө максатында 14-октябрдан 4-ноябрга чейин түзүмдүк бөлүмдөрдө мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча иш-чаралар башталды. Иш-чаралар Мамлекеттик тил бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан графикке ылайык жүргүзүлүүдө. 14-октябрь күнү, Педагогика жана психология институту, Искусство жана дизайн факультетинин иш-кагаздары текшерилип, кеңештер берилген. 15-октябрь күнү, Теология факультети, Гуманитардык-педагогикалык колледжи жана Медициналык пункттун иш кагаздары каралып, тиешелүү сунуштар берилди. Иш-чаранын максаты – университеттин түзүмдөрүндө мамлекеттик тилди өркүндөтүү жана колдонуудагы иштерди жөнгө салуу болуп саналат.