Blog Image

КМУда “Мамлекеттик тилди окутуунун заманбап методдору” аталышындагы республикалык сынак өз ишин баштады

16, 17-май күндөрү И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде “Мамлекеттик тилди окутуунун заманбап методдору” аталышындагы жыл сайын өтүүчү республикалык сынак өз ишин жүргүзөт.

Аталган иш-чара И. Арабаев атындагы КМУда КРнын Билим берүү жана илим министрлиги, КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясы менен биргеликте жогорку билим берүү баскычында мамлекеттик тилди өнүктүрүү, окутуунун тили катары мамлекеттик тилдин колдонуу чөйрөсүн кеӊейтүү, мамлекеттик тилде билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, мамлекеттик тилди окутуунун заманбап методдорун, жаӊы ыкмаларын аныктоо жана аларды билим берүү процессинде колдонуу жана жайылтуу максатында уюштурулган.

Адаттагыдай, сынак мамлекеттик тилди эне тили, экинчи тили катары жана чет тил катары окуткан окутуучулар арасында өткөрүлөт.

Сынак Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарда мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасын ишке ашыруунун алкагында республикабыздагы жогорку окуу жайларынын арасында жүргүзүлөт.

Иш-чара И.Арабаев атындагы КМУнун мамлекеттик тил жана маданият институту тарабынан уюштурулду.