Blog Image

КМУда “Мамлекеттик тилди окутуунун заманбап методдору” аталышындагы республикалык сынактын экинчи баскычы башталды

18-май күнү И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде “Мамлекеттик тилди окутуунун заманбап методдору” аталышындагы ЖОЖдор аралык республикалык сынактын экинчи баскычы башталды. Сынакты И. Арабаев атындагы КМУнун Мамлекеттик тил жана маданият институтунун директору Самат Жумалиев ачып, катышуучуларга ийгилик каалады. Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар мамлекеттик тилди окутуунун заманбап методдору боюнча сабактарын оффлайн жана онлайн форматта өтүштү.

Иш-чараны И. Арабаев атындагы КМУ, КРнын Билим берүү жана илим министрлиги, КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясы биргеликте уюштурган. Сынактын максаты жогорку билим берүү баскычында мамлекеттик тилди өнүктүрүү, окутуунун тили катары мамлекеттик тилдин колдонуу чөйрөсүн кеӊейтүү, мамлекеттик тилде билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, мамлекеттик тилди окутуунун заманбап методдорун, жаӊы ыкмаларын аныктоо жана аларды билим берүү процессинде колдонуу, ошондой эле, жайылтуу болуп саналат.

Белгилей кетсек, Сынак КРнын 2021-2025-жылдарда мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасын ишке ашыруунун алкагында республикабыздагы жогорку окуу жайларынын арасында жүргүзүлүүдө.