КМУда “Мамлекеттик тилди окутуунун заманбап методдору” аталышындагы республикалык сынактын салтанаттуу ачылыш аземи башталды
16-май күнү И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде “Мамлекеттик тилди окутуунун заманбап методдору” аталышындагы республикалык сынактын салтанаттуу ачылыш аземи башталды
Алгач, катышуучуларга И.Арабаев атындагы КМУ жөнүндө видеоролик көрсөтүлдү.
Иш-чарага КУМУнун Мамлекеттик тил, жаштар саясаты жана спорт боюнча проректору Жайна Садыкбек кызы, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын окуу-маалыматтык жана котормо борборунун директору Карлыгач Жумакадырова, Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун жетекчиси Аркарбек Мамытов катышууда.
Иш-чара И.Арабаев атындагы КМУнун мамлекеттик тил жана маданият институту тарабынан уюштурулду.