Blog Image

КМУда Мамлекеттик тилдин 35 жылдыгына карата иш-чара өттү

Бүгүн, 23-сентябрь күнү, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Педагогика жана психология институтунда мамлекеттик тилдин 35 жылдыгына арналган “Улут болсом – тилим менен улутмун” аталышында иш-чара өттү.

Иш-чара Мектепке чейинки билим берүү технологиясы кафедрасы тарабынан уюштурулуп, Педагогика жана психология институтунун окуу иштери боюнча директордун орун басары К.Арыпбекова, тарбия иштери боюнча орун басары Ж.Муратбекова, Мектепке чейинки билим берүү технологиясы кафедрасынын башчысы Н. Абдраева, Башталгыч класстарда кыргыз жана орус тилдерин окутуунун технологиясы кафедрасынын башчысы М. Куканова, профессордук-окутуучулук курамы жана студенттер катышты.

Ошондой эле, Бишкек шаарындагы №165 бала бакчасынын башчысы Ж. Эсенгулова жана №6 бала бакчанын башчысы М. Курманбаева, бала бакчанын методисттери жана өнөрлүү балдар катышып, өз өнөрлөрүн көрсөтүштү. Педагогика жана психология институтунун 1-курстун таланттуу студенттери Мамлекеттик тил күнүнө арналган чакан концерттик программа тартуулашты. Иш-чаранын жыйынтыгында катышуучуларга грамота жана ыраазычылык каттар тапшырылды.

Иш-чара Педагогика жана психология институту тарабынан уюштурулду.