Blog Image

КМУда Мамлекеттик тилдин 35 жылдыгына жана университеттин 80 жылдыгына арналган иш-чара өтүүдө

27-сентябрь күнү Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына жана И.Арабаев атындагы КМУнун 80 жылдык мааракесине арналган “Эне тил эл тарыхын баяндаган, тарыхы эне тилин аяндаган” аталышында иш-чара өтүүдө.

Иш-чаранын жүрүшүндө студенттерге көрүнүктүү коомдук ишмер Ишеналы Арабаевдин Кыргыз мамлекетин түптөө жана кыргыз тилин өнүктүрүүдөгү орду жөнүндө кеңири маалымат берилди. Ошондой эле мамлекеттик тилдин 35 жылдык тарыхы жана анын учурдагы абалы тууралуу баяндама жасалды.

Иш-чарада “Адабий диктант” аталышындагы эл аралык агартуу акциясынын алкагында студенттер тестирлөөгө катышты.

Иш-чара Орус филологиясы факультетинин Орус тилинин практикалык курсу кафедрасы тарабынан уюштурулду.