КМУда Мамлекеттик тилдин 35 жылдыгына жана университеттин 80 жылдыгына арналган иш-чара өттү
26-сентябрда Японтаануу институтунун окутуучулары жана студенттери Мамлекеттик тилдин 35 жылдыгына жана университеттин 80 жылдыгына арналган иш-чара өткөрүштү. Студенттер тарабынан концерттик программа тартууланып, ыр-бий менен коштолду. Иш-чарада Ч. Айтматовдун чыгармаларынан үзүндүлөр аткарылып, баяндамалар жасалды. Иш-чаранын кадырлуу коноктору катары институттун япон өнөктөштөрү катышып, күбө болушту. Коноктор сөз суйлөшүп, студенттерге жана жалпы институтка Япония менен Кыргызстандын ортосунда көпүрө болуп, япон тилин окуп-үйрөнүп жана маданиятын жайылтып жатканы үчүн ыраазычылык билдиришти.
Иш-чара Японтаануу институту тарабынан уюштурулду.