КМУда Мамлекеттик туу күнү жана Ак калпак күнү белгиленди
И. Арабаева атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Мамлекеттик туу күнү жана Ак калпак күндөрү белгиленди.
Аталган иш-чарага И.Арабаев атындагы КМУнун Окуу иштери боюнча проректору Раушанбек Зайниев, КМУнун Жаштар жана социалдык-маданий иштер бөлүмүнүн башчысы Азамат Айдаров жана ЖОЖдун студенттери флешмоб уюштуруп, жөө жүрүшкө катышышты.
Туу кыргыз эли үчүн ыйык жана баа жеткис, мамлекеттүүлүктүн символдорунун бири. Желектеги белгилер элибиздин улуттук руханий дүйнө таанымын жана басып өткөн тарыхый жолун айгинелеп турат. Бул символдордун мамлекеттик желекте айкалышта чагылып турушу – дөөлөттүн көөнөрбөстүгүн, ыйыктыгын, элибиздин өткөндү унутпай, келечекке ишенимдүү кадам койгондугун тастыктап турат.
Ак калпак – кыргыз элинин улуттук баш кийими. Жайында салкын, кышында жылуу болуп, адамдын кийип жүрүүсүнө өтө ыңгайлуу. Кыргыз эли ак калпакты Ала-Тоонун символу катары чечмелеп келет. Калпак – бул кыргыздардын кийим-кечектеринин ичинен эң ыйыгы.
Иш-чара КМУнун Жаштар жана социалдык-маданий иштер бөлүмү тарабынан уюштурулду.