КМУда “Манас - кыргыз куту” аталышында иш-чара өттү
Бүгүн, 3-декабрь күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде “Манас” эпосунун күнүнө карата жумалыктын алкагында “Манас - кыргыз куту” аталышындагы жыйынтыктоочу иш-чара өттү.
Иш-чарага КМУнун ректору Айгүл Абдраева, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, Кыргыз Республикасынын Президентининин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын башчысынын орун басары, стратегиялык пландоо жана реформаларды талдоо бөлүмүнүн башчысы Октябрь Капалбаев, коомдук ишмер Карганбек Самаков, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын уюштуруу иштери бөлүмүнүн башчысы Кутмырза Жакыбалиев катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө И.Арабаев атындагы КМУнун ректору Айгүл Абдраева, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов куттуктоо сөздөрүн сүйлөп, “Манас” эпосунун улуттук идеологиядагы орду жана анын маданий баалуулуктарды сактоодогу ролу тууралуу өз ойлорун бөлүштү.
Иш-чаранын алкагында студенттердин мамлекеттик тил жана “Манас” эпосу тууралуу түшүнүгүн кеңейтүүгө багытталган талкуулар,баяндамалар жана концерттик программалар уюштурулду.
Иш-чара Мамлекеттик тил жана маданият институту тарабынан уюштурулду.