КМУда «Манас» эпосунун тилдик өзгөчөлүктөрү” аталышында лекция өттү
Бүгүн, 18-апрель күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Мамлекеттик тил жана маданият институтунун Манастаануу кафедрасынын доценти Чолпонай Хидирова Хабибуллаевна «Манас» эпосунун тилдик өзгөчөлүктөрү” аталышында лекция өттү.
Иш-чара предметтик жумалыктын алкагында уюштурулуп, Кыргыз мамлекеттик университетинин Мамлекеттик тил жана маданият институтунун профессордук-окутуучулар курамы жана студенттери катышты.
Лекциянын жүрүшүндө “Манас” эпосунда колдонулган стилдик жана лексикалык өзгөчөлүктөр тууралуу кеңири маалымат берилди.
Студенттер "Манас" эпосунун тилдик өзгөчөлүктөрү аркылуу кыргыз тилинин байлыгын тереңден түшүнүүгө мүмкүнчүлүк алышты.
Бул иш-чаранын максаты: студенттердин улуттук мурастарга болгон кызыгуусун арттыруу, “Манас” эпосу аркылуу тил илиминдеги көркөм баалуулуктарды тереңдетүү.
Иш-чара КМУнун Мамлекеттик тил жана маданият институту тарабынан уюштурулду.