КМУда "Манас” студенттердин көзү менен" аталышында илимий-практикалык конференция өттү
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде "Манас” студенттердин көзү менен" аталышында илимий-практикалык конференция өттү.
Бул иш-чара 4-декабрь – “Манас” эпосунунун күнүнө карата уюштурулуп, анын өзгөчө мааниси жана улуулугу даңазаланды.
Конференцияга И.Арабаев атындагы КМУнун Манас таануу кафедрасы, филологдор, медициналык жана гуманитардык-педагогикалык колледждеринин мугалимдери, студенттер катышты.
Студенттердин ар бири "Манас" эпосунун терең мазмунун жана тарыхый маанисин чагылдырган баяндамаларды жасады. Баяндамаларда эпостогу баатырдык, эрдик жана мекенчилдик сезимдерди өзгөчө чеберчилик менен ачып беришти.
Иш-чарада төмөнкү темалар талкууланды:
1. "Манас" эпосунундагы медицина.
2. "Манас" эпосундагы элчилик мамилелер.
3. 100 жыл аралыгында "Манас" эпосунун абалы.
4. Сагымбай Орозбаков – улуу манасчы.
5. Кино жана “Манас”.
6. “Манас” эпосунун өзгөчөлүктөрү.
7. “Манас” жана элдик медицина.
Эпостун ар бир саптары аркылуу өтүп турган мекенге болгон сүйүү, ар-намыс жана акыйкаттык идеялары баяндамаларда баса белгиленип, өзөктүү окуялардын маани-маңызы ачылды. Ошондой эле, жаш изилдөөчүлөр "Манас" эпосун терең изилдеп, аны жаңы муунга жеткирүүнүн заманбап ыкмаларын сунушташты.
Конференциянын жыйынтыгында активдүү студенттер сыйлыктарга татыктуу болду. Иш-чара көптөгөн кызыктуу идеялар менен жыйынтыкталды.
Иш-чара МТМИнин Манас таануу кафедрасы тарабынан уюштурулду.