Blog Image

КМУда “Математикалык кече” аталышында иш-чара өттү

Бүгүн, 19-март күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Математика жана аны окутуунун технологиялары кафедрасынын ага окутуучулары Р.У. Тайырова, А.Б. Орозалиева жана окутуучу А. Бектемир кызы “Математикалык кече” аталышында иш-чара өткөрдү.

Иш-чара Математика жана аны окутуунун технологиялары кафедрасынын предметтик жумалыгынын алкагында уюштурулуп, ага КМУнун Физика-математика факультетинин профессордук-окутуучулар курамы жана студенттери катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер математикалык билимдерин жана чыгармачыл ой жүгүртүүлөрүн көрсөтүп, математикалык эсептерди чечүү жолдору тууралуу маалымат алышты.

Иш-чаранын максаты: студенттердин математикалык билимдерин, чыгармачыл жана аналитикалык ой жүгүртүүлөрүн көрсөтүп, жаңы идеялар менен бөлүшүү жана демилгелүү талкууларды жүргүзүү үчүн чоң мүмкүнчүлүк түзүү.

Иш-чара КМУнун Физика-математика факультетинин Математика жана аны окутуунун технологиялары кафедрасы тарабынан уюштурулду.