КМУда «Мекен тынчтыгы, жарандардын бакубаттуулугу» аталышында конок-лекция өттү
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин ыкчам кызматкери, милициянын полковниги Раатбек Турусбеков «Мекен тынчтыгы, жарандардын бакубаттуулугу» аталышында конок-лекция өттү.
Лекциянын жүрүшүндө студенттер мыйзамдуулук, тазалык, толеранттуулук, улуттар аралык достук, жарандык милдет жана ички-тышкы коопсуздук маселелери боюнча кеңири маалымат алышты. Иш-чаранын максаты: жаштар арасында мекенчилдик сезимин бекемдөө жана коомдук коопсуздукту сактоонун маанилүүлүгүн түшүндүрүү.
Иш-чара КМУнун жаңы маалыматтык технологиялар институту тарабынан уюштурулду.