Blog Image

КМУда “Мекенди коргоо - ыйык милдет” аталышында иш-чара болуп өттү

И. Арабаев атындагы КМУда 23-февраль Ата Мекенди коргоо күнүнө карата “Мекенди коргоо - ыйык милдет”аталышында Ш. Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институту тарабынан даярдалган иш-чара болуп өттү. Ага КМУнун ректору Айгүл Абдраева, Илим, эл аралык мамилелер жана инновациялар боюнча проректору Айгүл Чалданбаева, Мамлекеттик тил, жаштар саясаты жана спорт боюнча проректору Жайна Садыкбек кызы, Административдик-чарба иштери боюнча проректору Бакбур Исаев, курам жетекчилери, окутуучулар жана студенттер катышты.

Иш-чарада КМУнун окутуучулары Кожогелди Сопубеков, Медербек Идирисов, Жанышбек Жамурзаев, Абдураим Сатывалдиев жана Тагайбек Мурзаевдерге "КМУнун эмгек сиңирген ишмери" төш белгиси, Азамат Дүйшөналиевге Ардак грамота тапшырылды.

Иш-чаранын жүрүшүндө Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын «Тѳлгѳ» спектаклинен үзүндү көрсөтүлдү. Андан сырткары дүйнө тилдеринде ырлар ырдалып, эрдиктер даңкталды.