КМУда мектеп директорлорунун III форуму өз ишин баштады
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Кыргыз Республикасынын мектеп директорлорунун III форуму өз ишин баштады.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинин өкүлдөрү, аймактык билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери, Россия федерациясынын жогорку окуу жайларынын өкүлдөрү, Түштүк-Батыш мамлекеттик университетинин эксперттери, мектеп директорлору катышууда.
Иш-чаранын жүрүшундө заманбап билим берүү чөйрөсүн түзүү, мугалимдерди колдоо, инновациялык технологияларды колдонуу жана окуу процессинин сапатын жогорулатуу боюнча маселелерди талкууланууда.
Ошондой эле, форумдун алкагында мектеп директорлору жана алардын орун басарлары үчүн квалификацияны жогорулатуу программасы улантылып, секциялар, мастер-класстар, презентациялар жана россиялык адистердин консультациялары сунушталды.
Форумдун максаты: 12 жылдык билим берүү системасына өтүүдө мектеп директорлорунун компетенцияларын өнүктүрүү.
Форум Россотрудничествонун Өкүлчүлүгү, Түштүк-Батыш мамлекеттик университети (РФ, Курск шаары), Кыргыз Республикасынын агартуу министрлиги, И.Арабаев атындагы КМУ, Кыргыз-Россия Славян университети, "Евразия" автономдуу коммерциялык эмес уюму тарабынан уюштурулган.



