КМУда «Мектеп менен жогорку окуу жайдын ортосундагы байланыш» аталышында тегерек стол өттү
Бүгүн, 11-сентябрь күнү И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Физика-математика факультетинин жана Табигый илимдер институтунун демилгеси менен Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институту (ПККЖКДРИ) менен биргеликте «Мектеп менен жогорку окуу жайдын ортосундагы байланыш» аталышында тегерек стол өттү.
Иш-чаранын максаты: жаңы билим берүү стандарттарынын негизинде орто мектептердеги өзгөрүүлөрдү талкуулоо жана ушул өзгөрүүлөргө ылайык жогорку окуу жайларда мыкты мектеп мугалимдерин даярдоону өркүндөтүү.
Тегерек столдун мазмундуулугу тууралуу И.Арабаев атындагы КМУнун ректору, профессор Айгүл Абдраева өз сөзүндо баса белгиледи.
Ошондой эле, ПККЖКДРИ директору Алмазбек Токтомаметов билим берүү тармагындагы жаңылыктар боюнча маалымат берди.
Иш-чарада катышкан Кыргыз билим берүү академиясынын жана КРнын Агартуу министрлигинин эксперттери, ошондой эле университеттин окутуучулары өз пикирлерин билдиришти.