Blog Image

КМУда "Мектепке чейинки курактагы балдарды өнүктүрүүнүн жолдору" аталышында семинар-тренинг өттү

И. Арабаев атындагы КМУнун Гуманитардык-педагогикалык колледжинде Мектепке чейинки билим берүү бөлүмүнүн окутуучу Г.Жаныбекова "Мектепке чейинки курактагы балдарды өнүктүрүүнүн жолдору" аталышында семинар-тренинг өттү. Семинар-тренингдин жүрүшүндө студенттерге мектепке чейинки курактагы балдар менен иштөө, аларды өнүктүрүүнүн жолдору боюнча маалымат берилди. Ошондой эле, студенттер менен баарлашуу, оюндар, презентациялар уюштурулду. Семинар-тренингге ГПКнын директору М.Толоев жана окутуучулар катышты. Иш-чара "Келечек бала бакчадан башталат" аталышында жүрүп жаткан декаданын алкагында уюштурулган.