Blog Image

КМУда "Мектептер 2030" долбоорунун республикалык форуму башталды

19-декабрь күнү И.Арабаев атындагы КМУда Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Саламаттык сактоо министрлиги, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү министрлиги, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги, И.Арабаев атындагы КМУнун катышуусунда “Мектептер 2030” долбоорунун Республикалык форуму башталды. Ага аймактардан мугалимдер, окуучулар жана алардын ата-энелери катышууда.

Форумдун максаты жана идеясы: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик стратегиясынын негизи болгон 2030-жылга чейинки Туруктуу Өнүктүрүүнүн Масаттарына ылайык “Климаттык кризис учурунда билим берүү: кантип туруктуу өнүгүүгө көмөктөшө алабыз жана климаттын өзгөрүшүн мектептер жана билим берүү системалары аркылуу чечсек болот” темасына багытталган. Ошондой эле коомдо курч маселени туудурган “Мугалим, окуучу жана ата-эненин” мамилесин чыңдоо, бирге иш алып баруунун практикалык методун ишке ашыруунун негизинде “Жашыл бакча багбаны жана шаардагы жашыл балкондор” аттуу органикалык өсүмдүктөрдү бирге өстүрүү сынагынын жыйынтыктоочу отчету берилет. Анын алкагында биздин келечебиз балдар тууралуу ойлонуу, глобалдык кризис убагында мектеп программасынын негизинде кандай чечимдерди кабыл алуу керек, күрөшүүнүн чукул иш-аракеттерине өтүү, каржылоо сыяктуу маселенин тегерегинде болот.

Форумдун программасында изилдөөлөр, презентация, органикалык дасторкон, дискуссия, изилдөө үчүн тартылган видео материалдар ж.б. тартууланат.