Blog Image

КМУда “Микро жана наноэлектрониканын элементтерин өндүрүүнүн технологиялары” аталышында конок-лекция өттү

Бүгүн, 9-апрель күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Ж.Баласагын атындагы КУУнун Электроника жана наноэлектроника кафедрасынын доценти, физика-математика илимдеринин кандидаты Сагынтай Кадышев “Микро жана наноэлектрониканын элементтерин өндүрүүнүн технологиялары” аталышында конок-лекция өттү.

Иш-чара Математика жана аны окутуунун технологиялары кафедрасынын предметтик жумалыгынын алкагында уюштурулуп, ага КМУнун Физика-математика факультетинин профессордук-окутуучулар курамы жана студенттери катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө микро жана наноэлектроника технологияларынын өнүгүшү, алардын колдонулушу жана жаңы илимий жетишкендиктер тууралуу кеңири маалыматтар берилди. Ошондой эле, катышуучулар электрондук компоненттердин иштеши, жаңы материалдар жана наноэлектрондук түзүлүштөрдү өндүрүү процесстеринин өзгөчөлүктөрү боюнча маалымат алышты.

Иш-чаранын максаты: студенттердин математикалык билимдерин, чыгармачыл жана аналитикалык ой жүгүртүүлөрүн көрсөтүп, жаңы идеялар менен бөлүшүү жана демилгелүү талкууларды жүргүзүү үчүн чоң мүмкүнчүлүк түзүү.

Иш-чара КМУнун Физика-математика факультетинин Математика жана аны окутуунун технологиялары кафедрасы тарабынан уюштурулду.