КМУда “MISS ИНИТ 2025” аталышында конкурс өттү
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Жаңы маалыматтык технологиялар институтунун студенттеринин арасында 8-март – Аялдардын эл аралык күнүнө карата “MISS ИНИТ 2025” аталышында конкурс өттү.
Иш-чаранын максаты: 8-март – Аялдардын эл аралык күнүн белгилөө менен институттагы активдүү жана таланттуу кыздарды колдоо жана шыктандыруу. Ошондой эле, креативдүүлүктү жана лидерлик сапаттарды өнүктүрүү.
Конкурстун жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөр аныкталып, "Miss ИНИТ 2025" титулу тапшырылды.
Иш-чара КМУнун Жаңы маалыматтык технологиялар институту тарабынан уюштурулду.