КМУда моделдик китепкана ачылды
Бүгүн, 7-октябрь күнү, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде окуу жайдын 80 жылдык мааракесине арналган Моделдик китепкана ачылды.
Иш-чарага КМУнун ректору Айгүл Абдраева, окуу иштери боюнча проректор Дурус Козуев, илим жана инновациялар боюнча проректор Айгүл Чалданбаева, профессордук-окутуучулар курамы жана студенттер катышты.
Моделдүү китепканада студент- окурмандар автоматташтырылган ыкма менен тейленет. 10 миң китепти 2 саатын ичинде атайын сканердин жардамы менен текшерет. Ошондой эле, университеттин окумуштууларынын илимий макала чыгаруусун активдештирүү боюнча Россия, Өзбекстан, Казахстан мамлекеттеринин жогорку окуу жайлары менен тыгыз байланышта иш алып барат.
Китепкана Россиянын БИБЛИО-ПРО компаниясы менен биргелешкен долбоордун негизинде ачылып, заманбап технологиялар менен жабдылып, студенттер жана изилдөөчүлөр үчүн ыңгайлуу билим алуу жана илимий ишмердүүлүктү жүргүзүүгө бардык шарттар түзүлгөн.