КМУда «Москва» бильярды боюнча мелдеш өттү
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин профессордук-окутуучулар курамы жана кызматкерлери арасында «Москва» бильярды боюнча мелдеш өттү.
Иш-чаранын максаты: университеттин кызматкерлеринин арасында достук мамилелерди бекемдеп, спорттук рухту жогорулатуу.
Иш-чаранын жыйынтыгында КМУнун материалдык-техникалык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Насип Темирбеков I орунду, Искусство жана дизайн факультетинин окутуучусу Эламан Абдилажан II орунду, Искусство жана дизайн факультетинин окутуучусу Юристанбек Шыгаев III орунду, Гуманитардык-педагогикалык колледждин окутуучус Бакыт Тултуков IV орунду ээледи.
Иш-чара КМУнун Дене тарбия жана спорт институту тарабынан уюштурулду.