Blog Image

КМУда "Музыка сен жөнүндө" аталышында чыгармачылык кече өттү

Бүгүн, 27-март күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Искусство жана дизайн факультетинин "Музыка" кафедрасынын окутуучусу Алтынбек Толтоевдин "Музыка сен жөнүндө" аталышындагы чыгармачылык кечеси өттү.

Иш-чара "Музыка" жумалыгынын алкагында уюштурулуп, анда ИДФтин профессордук-окутуучулар курамы жана студенттери катышты.

Иш-чаранын максаты: музыкалык чыгармачылыкты өнүктүрүү жана заманбап музыкалык чыгармаларды таанытуу, окутуучулардын жана студенттердин чыгармачылык ийгиликтерин көрсөтүү.

Чыгармачылык кеченин жүрүшүндө Алтынбек Толтоевдин башкаруусундагы классикалык жана заманбап музыкалык чыгармалар, студенттердин жана окутуучулардын жеке чыгармачылык өнөрлөрү тартууланды.

Иш-чара КМУнун Искусство жана дизайн факультети тарабынан уюштурулду.