Blog Image

КМУда мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү боюнча конок-лекция өттү

И. Арабаев атындагы КМУнун Экономика жана менеджмент институтунда КРнын Жогорку Кеңешинин Төрагасына караштуу Миграция жана адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча кеңештин катчылыгынын жетекчиси Улан Ногойбаев адам сатууга жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү боюнча конок-лекция өттү. Ага интситуттун студенттери катышты. Конок-лекциянын жүрүшүндө, студенттер мыйзамсыз миграциянын кесепеттери адам сатуунун курмандыгы болуп калуу коркунучу бар экендиги тууралуу маалыматтарга ээ болду. Анткени жаштар арасында бул багытта сабатсыздык жана маалыматтын жоктугу каргашалуу кесепеттерге алып келет.