КМУда “Үнү өчпөс мурас: 80 жыл билим менен, 80 жыл Жеңиш менен, 100 жыл эркин сөз менен!” аталышында форум өттү
Бүгүн, 15-апрель күнү, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде “Үнү өчпөс мурас: 80 жыл билим менен, 80 жыл Жеңиш менен, 100 жыл эркин сөз менен!” аталышында форум өттү. Форум И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин 80 жылдык мааракесине жана Улуу Жеңиш күнүнүн 80 жылдыгына арналган.
Иш-чаранын максаты: улуттук басма сөздүн тарыхын эскерүү, эркин ой-пикирди колдоо жана студенттерди мекенчилдикке тарбиялоо.
Иш-чарага Мамлекеттик тил жана маданият институтунун директору Самат Жумалиев, МТМИнин профессордук-окутуучулар курамы жана студенттер катышты.
Форумдун алкагында белгилүү коомдук ишмерлер, акын-жазуучулар, окумуштуулар жана медиа өкүлдөрү катышып сөз сүйлөдү.
Форумдун программасында
"Басма сөзгө 100 жыл",
"И. Арабаев атындагы КМУга 80 жыл",
"Улуу Жеңишке 80 жыл" аталышында тематикалык сессиялар өттү.
Иш-чаранын жүрүшүндө видеоролик жана презентациялар көрсөтүлдү.
Форумга Кыргыз эл акыны Меңди Мамазаирова, белгилүү коомдук ишмер Ибрагим Жунусов, окумуштуулар, алып баруучулар, журналисттер жана жаш блогерлер катышты.
Бул форум Кыргызстандын тарыхын, маданиятын жана билим берүү мурасын даңазалоо менен катар, жаңы муунду мекенчилдикке үндөгөн маанилүү аянтча болду.
Иш-чара Мамлекеттик тил жана маданият институтунун эл аралык журналистика жана медиакоммуникациялар бөлүмү тарабынан уюштурулду.