КМУда "Не сахар" долбоорунун командасы кастинг өткөрдү
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде "Не сахар" долбоорунун командасы кастинг өткөрдү.
Иш-чарага КМУнун Мамлекеттик тил жана маданият институтунун эл аралык журналистика жана медиа коммуникациялар бөлүмүнүн студенттери катышты.
Кастингдин жүрүшүндө "Не сахар" долбоорунун командасы студенттердин арасынан таланттуу жаштарды тандоо иштерин жүргүзүп, студенттер өз чеберчилигин көрсөтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.